Бычак тийди! Бишкекте бычак менен адамдарды кубалаган киши кармалды (Сүрөт)
Бишкекте колуна бычак кармап алып адамдарды кубалап, бир адамды жарадар кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
8-августта болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Рыскулов менен Заводской көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран колуна бычак кармап алып адамдарды кубалап жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Жеринде 1971-жылы туулган С.Э. аттуу жаран бычактан жаракат алып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.
"Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.Б аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kchd-bychak-menen-zharakat-keltirgen-zharan-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×