Бишкекте кайтадан митинг. Бул ирет соода борборунун сатуучулары нааразычылыгын билдирди

3 марта 2020 12:34 869 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги “Караван” соода борборунун ижарачылары митингге чыгышты. Митингдин уюштуруучуларынын бири президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, алардын соода орундарын сактап, борборду сатпоону суранды.

“Жакында биздин соода кылып жаткан орундарыбыз сатыкка коюлат. Эртең кандай оокат кыларыбызды билбейбиз. Көбүнүн насыясы бар, революция жана митингден улам биз жабыркап жатабыз”, — деди ал.

Ижарачылардын бири ижарадан эле бюджетке 74 миллион сом түшкөнүн айтып, мамлекеттик мүлк фонду эмне үчүн соода борборун чыгышага иштейт деп туруп сатыкка коюп жатканын түшүнбөгөнүн билдирди.

“Биз барын төлөйбуз. Квитанция келип жатат. Келишими жок болгондорго деле келип жатат”, — деди ал.

Нааразычылыкка чыккандар президенттен адилеттүү чечим чыгарууну суранышат.

Эске салсак, 2-мартта Ала-Тоо аянтында митинг болуп, чогулгандар абактагы Садыр Жапаровду актап, чыгарууну талап кылган. Саат 13:00дө башталган митинг дээрлик саат 18:00гө чейин уланган. Бирок уюштуруучулар саат 17:00гө чейин гана уруксат алышкан. Аянттан тарабаган элди укук коргоо органдары күч колдонуп, кууп таратышкан. Митингчилерди таратуу учурунда укук коргоо органдарына карата таш ыргытуу болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kajtadan-miting-bul-iret-sooda-borborunun-satuuchulary-naarazychylygyn-bildirdi



Добавить комментарий