Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнир болот
Поделиться в:
Бишкекте 13-18-сентябрда уландар жана кыздар арасында “Алтын шайба” деп аталган эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Хоккей федерациясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, мелдешке Белорусия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан сегиз команда катышат. Мелдешти Кыргызстандын шайба менен хоккей федерациясы уюштурууда.
Турнирден кийин Кыргызстандын хоккей боюнча балдар-уландар курама командасы түзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-hokkej-boyuncha-el-aralyk-turnir-bolot
Добавить комментарий ×