Бишкекте эркек кишини сабап жатып өлтүргөн эки жаш жигит кармалды

25 марта 2019 17:13 2369 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте эркек кишини сабап жатып өлтүргөн эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Кармалгандардын бири-жашы жете элек.

“30-35 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү 23-мартта табылган. Анын денесинде зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилер бар экени аныкталды. Эркекти сабап жатып өлтүрүшкөн. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип 18 жаштагы жана 17 жаштагы жигиттер кармалды. Экөө тең Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды”,-деп кабарлашты Бишкек ШИИБден.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-erkek-kishini-sabap-zhatyp-ltrgn-eki-zhash-zhigit-karmaldy



Добавить комментарий