Бишкекте чала тааныш кызды уруп, качып кеткен жаран кармалды

12 апреля 2021 09:49 2914 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынан милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Кечээ, 11-апрелде социалдык тармактарда “кызды уруп жатат” деген аталышында  видео жарык көргөн. Ошоло эле учурда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Кустанайский жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кызды уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган. 

 Ш.Ж. аттуу чала таанышы арыз ээсин уруп денесине зыян келтирип, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү авто унаага отуруп, андан ары качып кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына издеп табуу боюнча багыттама берилип, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары “Мерседес Бенц” үлгүсундөгү авто унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндурүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-chala-taanysh-kyzdy-urup-kachyp-ketken-zharan-karmaldy



Добавить комментарий