Бишкекте бала бакчалар 20-сентябрдан тартып иштей баштайт
20-сентябрдан тартып Бишкекте бала бакчалардын ишмердиги жаңыланат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Мындай чечим 14-сентябрда мэрияга караштуу шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Мэрия ата-энелерге балдар ооруп жатса бала бакчага алып келбөөнү эскертти. Бала бакчаларда коронавирус менен ооруган балдар аныкталса аларды карантинге жабышат.
Бекитилген алгоритимге ылайык, ата-энелерди балдар бакчасынын дарбазасынан ары киргизишпейт, бакчаларда фильтрлер коюлуп, санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bala-bakchalar-20-sentyabrdan-tartyp-ishtej-bashtajt
Добавить комментарий ×