Бишкекте СИЗО-1ге баңгизат алып кирүүгө аракеттенген эки жаран кармалды
СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери баңгизат менен эки жаранды кармашты. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мекеменин аймагына баңги заттарды алып кирүү боюнча 2 фактыны алдын алышкан.
"Болжол менен саат 10:30 чамасында №1-тергөө изоляторунда кармалган жарандардын тамак-аш азыктарын кабыл алуу блогунда, Чүй облусунун тургуну 1986-жылы туулган З.Т. 1992-жылы туулган А.Т. аттуу айыпталуучу жаранга азык-түлүк алып келген. Тинтүү учурунда, буюмдардын ичинен болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыктарына оролгон, белгилүү бир кара куурай жыты бар заты табылган.
Бул факт “Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошол эле күнү, алдын ала маалымат боюнча мекеменин ыкчам кызматкерлери саат 18:00 чамасында, №1- өткөрүү пунктунан өтүп жаткан түнкү нөөмөттүн контролёру, ички кызматтын сержанты Р.Тны тинтүүгө алышкан. Натыйжада 9500 (тогуз миң беш жүз) сом суммасындагы акча каражаты жана болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыкка оролгон, кара куурайдын өзгөчө жыты бар заты табылган. Топтолгон материалдар жана буюм далилдер Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне өткөрүлүп берилди", -деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, жазык-аткаруу тутумунда мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын аймагына тыюу салынган буюмдардын кирип кетүү жолдорун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш өз алдынча жигердүү улантылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bagizat-menen-eki-fakty-kattaldy-srt
Добавить комментарий ×