Бишкекте аял таанышын өлтүрүүгө шектелип 15 жылга эркинен ажыратылды
Бишкекте аял таанышын өлтүрүүгө шектелип 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул маалымат КРнын Жогорку сотунун сайтында жазылды.
(Шектүүлөрдүн жана маркумдун аты өзгөртүлдү)
Кылмыш иши тууралуу жазылган протоколдо Адина Жумабекти өзүнүн үйүнө коноко чакырат. Экөө спирт ичимдиктерин ичип отурат, бир аздан кийин аларга таанышы Элина кошулат. Кийинчерек Адина Элинаны өлтүрөт да өзүнүн уктоочу керебетинин астына катып коет.
Соттолуучу сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал окуя кандай болгондугу тууралуу өзүнүн версиясын айтып берди. Анын айтымында аял дагы бир бөтөлкө арак алып келүү үчүн дүкөнгө барган, кайра келеткан жолдо Элинага жолуккан, ал Адинага "Эй! Арак куйбайсыңбы?" дегенде аял үйгө жеткенге чейин ачууга болбойт деп айтып Элинаны коноко чакырган. Кийинчерек Элина аларга коноко келгенде Жумабеке жаккан эмес. "Неге аны үйгө киргизесиң?" деп Элинага арак куюп берип эшике чыгарып ийген. Кайра келбе деп да эскерткен.
Кийин Адина кайра арак алып келүү үчүн чыккан. Келгенде Жумабек Элинанын кайра келгенин бирок киргизбей койгонун айтып үйүнө кеткен. Ал эми Адина уктап калган. Адинанын айтымында аны милиция кызматкерлери ойготкон.
Анын оюнча кимдир бирөө маркум Элинаны өлтүрүп керебетинин астына сүйрөп келип катып койгон. Муну кимдир бирөө атайын кылган.
Күнөөлүүнүн айтымында ага Жумабек жолугуп күнөөнү мойнуна алса аны чыгарып алаарын айткан.
"Мен аны өлтүргөн жокмун, мен адам өлтүрө алмак эмесмин" -деди соттолуучу.
Сот Адинаны күнөөлүү деп таап 15 жылга эркинен ажыратты.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ayal-taanyshyn-ltrg-shektelip-15-zhylga-erkinen-azhyratyldy
Добавить комментарий ×