Бишкекте “Ассанабил” фонду жети тез жардам унаасын белекке берди (Сүрөт)
“Ассанабил” фонду КРнын Саламаттык сактоо министрлигине жети тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарында Эл аралык "NAMA" уюмунун демөөрчүлүгү менен жети тез жардам унаасы саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди.
Заманбап медициналык техникалар менен жабдылган жети тез жардам унаалары атайын заводдон буюртма менен сатып алынган. Алардын экөөсү портативдүү ИВЛ, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдыкталып, реанимация стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө.
Унааларды тапшыруу аземине КРнын вице-премьер-министри А.Исмаилова, Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов, “Ассанабил” ККФнун президенти Саид Баюми жана башкалар катышты.
Эскерте кетсек, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Ала-Тоо өнүктүрүү жана NICE Кыргызстан NAMA уюму менен биргеликте коронавируска каршы түзүлгөн программанын негизинде саламаттык сактоо тармагына 4 ИВЛ аппараты, 10 миң медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап, 100 миң кол каптар берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-assanabil-fondu-zheti-tez-zhardam-unaasyn-belekke-berdi-srt
Добавить комментарий ×