Бишкекте алгачкы BLACK STAR бургери 2 000 долларга сатылды

6 март 2019 17:57 2390 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бишкектин соода түйүндөрүнүн биринде Тиматинин BLACK STAR бургери ачылды. Ачылыш аземине күн мурун Тимати өзү келет деген маалымат таратылган эле. Бирок Тимати келбегени белгилүү болду.

Бирок чындыгында ачылыш аземинде Тиматинин келбегенинен да "бургерканада жасалган алгачкы гамбургерден ким биринчи даам татат?" деген суроо кызык болду.

Бул багытта атайын аукцион уюштурулуп жыйынтыгында алгачкы бургерди Дубайдан келген конок 2 000 долларга сатып алды.

Аукцион учурунда алып баруучу Самат Дөөлөтбаковду катышууга чакырып "Сиз 2000 доллардан көбүрөөк төлөй аласызбы?" деп суроо салды.

Самат Дөөлөтбаков өз учурунда:

"Биз кыргыздар меймандос калкпыз да. 2 100 доллар десем деле болот эле, бирок конокту сыйлайлы", -деп жооп кайтарды.

Бургердин алгачкы баасы 1000 сомдон башталган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-algachky-black-star-burgeri-2000-dollarga-satyldy



Добавить комментарий