Назира Айтбекова Тиматиге кийгизилген ак калпак тууралуу: "Калпак кийгизүү башымды сага бердим деген маанини түшүндүрөт"

27 марта 2019 00:37 11686 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу Назира Айтбекова 25-мартта Бишкек шаарына келген Тиматиге катары ак калпак кийгизип кийиз чапан жаап колуна камчы карматышкан көрүнүшкө нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына пост жазып чыкты.

Постко Айтбекова Тимати жана анын командасынын калпак кийген сый үстүндөгү сүрөтүн жүктөп:

"Калпак менен камчы бөтөн элге берилчү эмес экен илгери. Башымды сага тартууладым. Ээлик сенде. Каалагандай калча маанисине келчү дешет. Азыр сырттан ким келсе, баш кийимибиз менен куралыбызды кармата салабыз. Каадабыз калып, салтыбыз сапырылып, адаттар артта калды. Улуулардын улуу мурасын урпактары унутту", -деп баяндама жазып, жөн эле ойлор деп кошумчалап койду.

Бул пост чындыгында көпчүлүктүн мекенчилдик сезимдерин ойготту. Интернет булактарында Айтбекованын сөздөрү талкууга алынып, айрымдар "төбөлдөрдүн Назирачалык акылдары жок" дегенге чейин барышууда.

Эске салсак, 25-март кунү Тимати Кыргызстанга келип өзүнүн бургер ресторанын расмий түрдө ачып, элди бекер гамбургердел менен сыйлаган. Ачылыш учурунда эл аябай көп чогулгандыктан көпчүлүкө ыңгайсыз жагдай жаралган.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-timatige-kijgizilgen-ak-kalpak-tuuraluu-kalpak-kijgiz-bashymdy-saga-berdim-degen-maanini-tshndrt



Добавить комментарий