30-августтан 1-сентябрга чейин милиция күчөтүлгөн режимде иштейт

27 августа 2021 14:18 1064 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлиги Эгемендик күнүн майрамдоодо тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитти. Ошондой эле ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн өз ара аракеттениши, күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы берген маалыматка таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Ведомство башчысы Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бир катар иш-чаралардын комплекси иштелип чыкты.

Республикадагы маанилүү обектилерди кайтаруу күчөтүлдү, анын ичинде элчиликтер жана чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү дагы бар.

30-августтан 1-августка чейин Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жана милиция кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине киришти.

Ички иштер бөлүмдөрүнүн жана аскер ведомстволорунун 9 миңден ашык кызматкери ишке тартылды.

Ссылка: https://barometr.kg/30-avgusttan-1-sentyabrga-chejin-miliciya-kchtlgn-rezhimde-ishtejt



Добавить комментарий