Бишкекте адашып кеткен жаш баланы кайгуул кызматкерлери үйүнө жеткиришти

23 марта 2021 13:01 2612 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы таап, үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ,  22-марта Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын  кайгуул кызматкерлери  бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:30  чамасында Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен  адашып жүргөн жаш баланы көрүшкөн.

Аты жөнүн сурап тактоо учурунда А.у.Н. аттуу жаш бала бир туугандары менен Ош базарына келип, андан ары өзү адашып жүргөндүгү  белгилүү болгон.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, жаш баланы кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издешкен. Көп узабай үйүн таап, 1993-жылы туулган А.С. аттуу апасына сак саламат өткөрүп беришкен.

Жаш баланын апасы уулун издеп жүргөндүгүн айтып,  баласын таап берген милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-adashyp-ketken-zhash-balany-kajguul-kyzmatkerler-jn-taap-zhetkirishti



Добавить комментарий