"Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат" деген маалыматтын чын төгүнү бышыкталды

23 марта 2020 18:14 3317 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тротуарда жаткан эркектин видеосу тараган. Бул учур боюнча Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна, 2020-жылдын саат 15.08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген. Бул тууралуу Саламатытк сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Дарыгерлер ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган жана үйүнө жеткирилген.

Мындай жалган маалыматтарды таратпоону жана эл арасына дүрбөлөң салбоону суранабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-adamdar-koronavirustan-kulap-zhatat-degen-maalymattyn-chyn-tgn-byshyktaldy



Добавить комментарий