Бишкекте үч жаштагы баланы автоунаа тепсеп кетип каза болду

4 ноября 2019 14:04 2304 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйдүн короосунан 3 жаштагы баланы унаа тепселеп кетти. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле  бул факт боюнча тергөө иштери башталганы маалымдалат.

Маалыматта окуя 3-ноябрда саат 15:30 чамасында болгон. «Тойотанын» айдоочусу унааны артка айдап, жаш баланы тепселеп кеткен. Наристе Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Учурда бардык материалдар топтолду. Ал эми наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалда болбогонун көрсөттү. Тиешелүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-3-zhashtagy-balany-avtounaa-tepsep-ketip-kaza-boldu



Добавить комментарий