Бишкекта алгачкы ирет дарактарга “карточка” бериле баштады
Поделиться в:
Бишкек мэриясынын жана «Арча» коомдук фондунун демилгеси менен баш калаада алгач ирет дарактарды электрондук инвентаризация иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Иш-чаранын алкагында Эмен багында алгач ирет эмендерге ыктыярчылар тарабынан инвентаризация жүргүзүлдү.
“Эми шаардын дарактарынын “медицалык карточкалары” болот, агрономдор алардын саны, жайгашкан жери, түрү, сугарылганы жана абалы тууралуу маалымат жазылат”,-деп айтылат кабарда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekta-algachky-iret-daraktarga-kartochka-berile-bashtady
Добавить комментарий ×