Бишкекте желим бөтөлкөлөрдү чогултуу үчүн атайын урналар коюлууда

10 сентябрь 2019 14:14 2919 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык бийлиги жаш ишкерлер менен  «Желимсиз Бишкек» долбоорунун алкагында баш калаага желим бөтөлкөлөрдү сала турган атайын урналарды орнотуп жатат. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча Түштүк магистралдагы жаңы салынган паркка бийиктиги эки метрден ашкан эки урна орнотулду. Ага бир толтурганда 1000дей желим бөтөлкө батат.

Мэрия бөтөлкөнүн формасындагы инсталляция урнасын жасоо көп каражатты талап кылбай турганын жана бөтөлкөлөрдү ошол жерге чогултуп, аларды кайра иштетүүгө жиберүүгө ыңгайлуу экенин билдирди.

Долбоордун авторлору бөтөлкөлөрдү топтолгон көлөмүнө жараша кечки саат 12ден таңкы саат бешке чейин жыйнап кетип турушат. Алар мындай урнадан дагы 60ты жасоо боюнча ишкерлер менен сүйлөшүп жатышат. Бир урнанын баасы жети миң сомго чыгат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-zhelim-btlklrd-chogultuu-chn-atajyn-urnalar-koyuluuda



Добавить комментарий