Бишкекке Санкт-Петербургтан 554 кыргыз жараны учуп келди, алардын 41 жаш балдар

26 июня 2020 19:03 840 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Кыргызстанга Россиядан 554 кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде 2 жашка чейинки курактагы 41 жаш бала бар. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып «Барометр» билдирди.

"Манас" эл аралык аэропорту «Санкт-Петербург-Бишкек» маршруту боюнча «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды.

Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандыктардын өз ара ыкчам штабына караштуу Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз активисттеринен турган диаспоранын, биригишкен кыргыз студенттеринин, КМШ Парламент аралык ассамблеясындагы КР өкүлдөрүнөн, Россиядагы КР Элчилигинин канцеляриясынын жана Санкт-Петербург шаарындагы КРнын ардактуу консулдугунун кызматкерлеринен турган комииссия түзгөн.

Каттамга төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балалуу аялдар, Санкт-Петербург шаарында жана РФ Ленинград облусунда жогорку окуу жайда окуган студенттер, ошондой эле Россияга мурда хирургиялык операция жана башка медициналык процедура кылдырууга баргандар, ден соолугу оор абалдагылар, жакындарынын кайтыш болгондугуна байланыштуу маанилүү себеби бар адамдар, жашоосу оор кырдаалдагы адамдар тандалып алынган.  

Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Ошондой эле, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарып келүү боюнча маршруттарын издөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-sankt-peterburgdan-kyrgyzstandyn-zharandary-uchup-keldi



Добавить комментарий