Новосибирск-Бишкек каттамы менен 186 киши мекенине кайтты

3 июля 2020 12:10 3408 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке Новосибирсктен 186 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бүгүн «Манас» эл аралык аэропортуна Новосибирск-Бишкек каттамы менен «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик рейси Россиядан 186 кыргыз жаранын тосуп алышты.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси, кыргыз жарандарынын Новосибирск шаарындагы Генералдык консулдугуна келип түшкөн арыздардын кезегинин иретинде түзүлгөн, анын ичинде 19 кош бойлуу аял 10 жаш бала, 57 студент, ЖОЖдо окугандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар.

Чет мамлекеттерде жүргөн КРнын жарандарын мекенине кайтарып келүү үчүн маршруттарын издөө боюнча иштер уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-novosibirskiden-186-kr-zharany-kajtyp-keldi



Добавить комментарий