Бишкекке иштейм деп кетип жоголгон Немат уулу Дүйшө изделүүдө

20 августа 2021 15:03 987 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын милициясы Сузак районунун 29 жаштагы тургуну Немат уулу Дүйшөнү издеп жатат. Бул тууралуу областтын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматка таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка караганда 2021-жылдын 20-апрелинде болжол менен саат 15:00дө Барпы айыл башкармалыгынын Чангет-Сай айылынын 1992-жылы туулган тургуну Немат уулу Дүйшө Бишкекке иштегени кетип ошондон бери дайынсыз болууда.

Акыркы ирет аны 12-майда Бишкек шаарында көрүшкөн.

Белгилери: бою 165-170 см, ак жуумал, кашы, көзү жана чачы кара, дене түзүлүшү орточо, сол кашынын алдында жол кырсыгынан калган тагы бар.

Көк түстүү спорттук кийим, көк түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Дайынсыз болуп жаткан Немат уулу Дүйшө тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу милицияга кабар берсе болот: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0558 16 16 91.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-ishtejm-dep-ketip-zhogolgon-nemat-uulu-djsh-izdeld



Добавить комментарий