Бишкекке эстакадалык көпүрө, эки кабаттуу жол айрылыштары курулат

24 ноября 2022 12:29 798 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке Кытай компаниясы ири масштабдуу жолдорду курат. Бул тууралуу мэриянын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытай Эл Республикасынын эксперттик тобу менен жолугушту.

“Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кытай тараптын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 28 күндүн ичинде иштелип чыгат. 

Маалымдама: Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн көмөгү менен  узундугу 200 чакырымды түзгөн 135 жол курулган.

Долбоор борбор калаада автотранспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн мындан ары жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү жол курулуштарын курууну камтыйт:

Л.Толстой - Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу  транспорттук жол айрылыштары;

Т.Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүнөн Л.Толстой көчөсүнө темир жол аркылуу чыгуучу өтмөк;

Л.Толстой жана Жаш Гвардия бульвары кесилишиндеги транспорт түйүнү;

Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине эки кабаттуу транспорттук-эстакадалык көпүрө;

Чүй проспектиси – Фучик көчөсүнүн кесилишине эки кабаттуу  транспорттук жол айрылыштары”,- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-estakadalyk-most-eki-kabattuu-zhol-ajrylyshtary-kurulat



Добавить комментарий