Бишкеке Екатеринбург шаарынан 166 кыргызстандык келди
19-августта Екатеринбург шаарынан Бишкекке 166 кыргызстандык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматта, жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмен, Сургут, Салехард, Надым, Курган, Пермден жана башка шаарларынан келишти. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 20-марттан 10-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан жалпы 26 миңден ашуун жаран мекенине кайтты.
COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тартып бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан. Чек аралар азырынча жабык, темир жол жана автожол каттамдары да качан толук ачылары белгисиз. Өлкөнүн жалпысынан тогуз чет мамлекет менен авиакаттамы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkeke-ekaterinburg-shaarynan-166-kyrgyzstandyk-keldi
Добавить комментарий ×