Бишкек шаарынын райондор аралык соттун судьясы Гүлжан Есеналиева кызматтык мөөнөтүнөн мурда бошотулду
Поделиться в:
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Есеналиева Гульжан Шаршенбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары өз калоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Добавить комментарий ×