Бишкек шаарынын коменданты орун басарларын дайындады. Алар кимдер?
Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев орун басарларын дайындады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык:
Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов – КР мыйзамына ылайык Бишкек ш. аймагында бөлүштүрүлгөн аскер бөлүктөрүнүн кызматташуусун жана колдонууну уюштуруу боюнча;
Бишкек ш. мэри Азиз Суракматов – социалдык-экономикалык маселелер боюнча;
Бишкек ш. Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Канат Жумагазиев – коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча;
УКМКнын Бишкек ш. боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Дюшекеев – конституциялык түзүмгө, суверенитетке укукка каршы кол салууларды жоюу жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча.
Бишкек комендатурасынын жетекчилигинин чечимдерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында ишке ашырууну жана көзөмөлдөөнү камсыздоо максатында комендатуранын алдында ыкчам штаб жана катчылык түзүлдү.
Коменданттык сааттын биринчи күнү Бишкек шаары боюнча жалпысынан 195 киши режимди бузганы үчүн кармалган. Алардын 14ү аялдар.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-komendanty-orun-basarlaryn-dajyndady-alar-kimder
Добавить комментарий ×