Бишкек шаарынын бюджети төрт айда 900 млн сомго төмөндөдү

7 мая 2020 15:02 1138 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын бюджетинин төмөндөшү төрт айда 900 млн сомдон ашты. Бул тууралуу вице-мэр Бишкек Алмаз Бакетаев маалымат жыйында билдирди.

"Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 4 айында бюджеттин төмөндөшү 900 млн сомдон ашты, анын ичинде март жана апрель айларында – 266,9 млн сом жана 398,4 млн сомду түздү. Ошондой эле, бүгүнкү күндө 2020-жылдын кирешесинин түшүшү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 млрд 791 млн 100 миң сомду түзөт", - деди Бакетаев.  

Анын айтымында, негизинен салыктык кирешелердин түшпөй калышы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү боюнча, ошондой эле экономикалык иш-аракетти ыктыярдуу милдеттүү патенттин негизинде жүзөгө ашырган жеке ишкерлер боюнча жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-byudzheti-trt-ajda-900-mln-somgo-tmndd



Добавить комментарий