Бишкек шаарында жасалма пропуск колдонгон айдоочу кармалды
Бишкек шаарында жасалма пропуск колдонгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал учурунда, шаар аймагында санитардык-карантиндик постор орнотулуп, Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери башка кесиптештери жана кызматтар менен биргеликте түнү-күнү постордо, мобилдик жана жөө топтор түзүлүп, калк арасында илдетти алдын алуу жана болтурбоо, санитардык нормаларды сактоо, карантиндик абалда текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
1-апрель күнү, Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен 32 жаштагы Д.Н. башкаруусундагы «Ланд Ровер» унаасы текшерүү үчүн токтотулган учурда, маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында кыймылда жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген уруксат пропуску болгон. Кылдат текшерүүгө алууда пропуск жасалма болгондугу аныкталган.
Окуя катталган аймакка Ленин райондук ИИБы ыкчам тергөө тобу чыгып, унаа атайын коюлуучу жайга токтотулуп, баардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Андан соң окуя жоруктун жана кылмыштын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 359-беренесине ылайык (документтерди жасалмалоо) кылмыш иши козголду.
"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары инфекциялык илдетти алдын алуу жана таралып кетишине жол бербөө максатында жөнү жок эшикке чыгууну токтотууну суранабыз. Жазалма документтерди колдонуу кылмышка тете экенин эскертебиз. Сиздер үйдө болсоңуздар, бизге жардам бересиздер!" - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-zhasalma-propusk-koldongon-ajdoochu-karmaldy
Добавить комментарий ×