Бишкек шаарында электр жарыгына карыз болгондордун акчасы 7,1 млн сомду түздү

18 января 2019 14:39 1229 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 «Түндүкэлектро» ААКы Бишкек шаары боюнча 4100 турмуш тиричилик абонентин аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. 

"21-январь дүйшөнбү күнү “Түндүкэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4100 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 7,1 млн. сомду түзөт"-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-elektr-zharygyna-karyz-bolgondordun-akchasy-71-mln-somdu-tzd



Добавить комментарий