Бишкекке Түркия жана Россиядан 27 ыктыярчы-дарыгер учуп келет
Бишкек шаарындагы 235 медкызматкер эмгек өргүүдөн чакыртылды. Ошондой эле жакында Түркия жана Новосибирсктен дарыгер-волонтерлор учуп келишет. Бул тууралуу Кубатбек Бороновдун сөзүнө шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Оор кырдаалда эмгек өргүүсүндө жүргөн дарыгерлер жардамга тартылат.
«Күн сайын коронавируска чалдыккан медкызматкерлер көбөйүп жатат. Аймактардан бери медкызматкерлерди тартылды. Өлкө аймагынан тышкары иштеген кыргызстандык дарыгерлер да жардамга тартылышты. Дагы бир жолу айтабыз – ушундай шартта биз эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз. Эмгек акылар сөзсүз түрдө берилет», - деп билдирди премьер-министр Кубат Боронов.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаары боюнча медициналык уюмдарда 235 медкызматкер эмгек өргүүдөн чакыртылды. Анда врачтар – 88 бар, орто мед персоналдар – 104, кенже мед персоналдар – 24 жана башка персонал: лаборант, эпиодемиолог, физиотерапев – 19.
«Өкмөт эч кимге эч кандай мажбурлоо иштерин жүргүзгөн жок. Дарыгерлер өз каалоосу менен жумушка чыгышты. Учурда дагы деле «эмгек өргүүдө калам» деген медкызматкерлер болду», - деп кошумчалады Боронов.
Ошондой эле, медициналык билими бар адистер волонтердук ишке чакырылган.
«Республика боюнча 6-июлдан 13-июлга чейин 44 волонтер кайрылды. Анын ичинен 17 адам ишке орношту - 6 врач жана 11 медайым», - деп кошумчалады Боронов.
Ошондой эле, чет мамлекеттерде жүргөн жарандарыбыздан – дарыгер-волонтер да келип жатышат.
Россиядагы кыргыз элчилиги тарабынан:
Москвадан: 5-июлда – 14 врач, 12 мед сестра келген, 12-июлда – 45 адам келди.
Екатеринбургдан: 7-июлда 2 врач, 3 медсестра, 13-июлда 2 врач, 2 фельдшер, 1 медсестра келди.
Новосибирск шаарынан: 9-июлда 3 медик-волонтер келди, 16-июлда 9 волонтер келет.
Түркиядагы элчилик тараптан: ординатурада окуп жаткан 18 кыргыз жараны 15-июлда (эртең) келет.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-235-medkyzmatker-emgek-rgdn-chakyrtyldy
Добавить комментарий ×