Коюлган талаптарды аткарбагандарга 1 млн сомдон ашык айып салынды

12 июня 2020 14:03 848 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда өлкөдө күч алган коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн коюлган талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө жумуштары мамлекеттик кызматкерлер тарабынан жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

 Бүгүнкү күнү мобилдик топтор райондук администрациялардын адистеринин, Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун, муниципалдык территориалдык райондук администрация башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда 1 млн 49 миң 500 сом өлчөмүндө 642 протокол түзүлдү”, - деп билдирди Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев.

Анын айтымында, экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 5 дүкөн, 3 – кафе, 12 – чач тарач, 1 - АЗС, 1 – АОЖ жана 1 – желимдөө обьекттеринин жетекчилерине чара көрүү үчүн 23 материал жөнөтүлдү.

Бишкек шаарында 1 млн сомдон ашык айып салынып текшерилген обьекттердин саны:
Сулуулук салондору, чач-тарачтар – 194 000 сом өлчөмүнө 184 протокол
Дүкөндөр – 124 000 сом өлчөмүнө 65 протокол
Кафе – 281 000 сом өлчөмүнө 164 протокол
Автоунаа жуучу жайлар – 14 000 сом өлчөмүнө 8 протокол
АОЖ, желимдөө – 41 000 сом өлчөмүнө 29 протокол
СБ жана кийим дүкөндөр – 61 000 сом өлчөмүнө 25 протокол
АЗС – 26 000 сом өлчөмүнө 10 протокол
Жеке такси кызматтар – 6000 сом өлчөмүнө 6 протокол
Балдардын кийимдери жана оюнчуктар дүкөндөрү – 4000 сом өлчөмүнө 4 протокол
Тамак-аш өнөр жайын өндүрүү – 52 500 сом өлчөмүнө 18 протокол
Косметика дүкөндөрү – 3000 сом өлчөмүнө 3 протокол
Базарлар жана курулуш материалдар дүкөндөрү – 67 000 сом өлчөмүнө 26 протокол.

Коюлган чектөөлөрдү бузгандарды аныктоо иштери мындан аары да уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-1-mln-somdon-ashyk-ajyp-salynyp-obektter-teksherilgen



Добавить комментарий