Бишкек-Ош жолундагы тунелге бир учурда 2 унаа бузулуп калып, каттамдар үзгүлтүккө учурады

15 июля 2022 10:37 1762 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош унаа жолундагы тунелдин ичине эки унаа бузулуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кече, 14-июль күнү болгон.

"Жайыл районунун Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннелдин ичинде Mersedes Benz жана Lexus RX300 үлгүсүндөгү автоунаалар бузулуп калган.

Жеринде нөөмөттө турган КР ӨКМнүн Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы жана #6 Өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруучу взводдорунун куткаруу тобу тартылып, унааларды чыгарып беришкен.

Жабыркагандар жок", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholundagy-tunelge-bir-uchurda-2-unaa-buzulup-kalyp-kattamdar-zgltkk-uchurady



Добавить комментарий