Бишкек-Ош унаа жолунда кайрадан кырсык. Унаа оодарылып кетип, 2 адам мерт кетти
Бөлүшүү:
Бишкек-Ош унаа жолунун 168-чакырымында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип, жүргүнчү аял жана айдоочу окуя болгон жерден мерт кетти. Ал эми алардан сырткары дагы 5 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Берилген маалыматка ылайык, Ошту көздөй кетип бара жаткан таксист катуу ылдамдыкта рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып калган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, каза болгон адамдардын денесин унаадан чыгарып, жаракат алгандарды жакынкы ооруканага жеткирүүгө жардам беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-kajradan-kyrsyk-unaa-oodarylyp-ketip-2-adam-mert-ketti
Добавить комментарий ×