Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташып бараткан унаа оодарылып калды
Поделиться в:
Бишкек-Ош унаа жолунун 410-чакырымында газ ташып бараткан “Фредлайнер” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып калып жол 2 сааттан ашык жабылып калган.
Окуя кечээ, 24-июнда болжол менен саат 8:20да болгон. Маалыматтарга караганда, унаанын ичинде 20 тоннадай газ болгону айтылууда. Айдоочу 1967-жылкы А.Курманбек аттуу жаран катуу жааган жамгырдан улам рулду башкара албай калган. ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргенине караганда өрт чыккан эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-gaz-tashyp-baratkan-unaa-oodarylyp-kaldy
Добавить комментарий ×