Бишкек-Ош унаа жолуна таш түшүп, кыймыл бир тараптуу гана ачылды

19 октября 2022 16:40 1546 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош унаа жолуна таш түшүп, жол жабылып калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек—Ош унаа жолунун 425-чакырымында болжол менен 50 куб/метр таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

“Жерине Кара-Көл шаардык  №94 ӨККБдөн АСМ автоунаасында 3 куткаруучу жана  №30 ЖТИден 2 оор техника, облустук ЖКККБдан  1 экипаж тартылып, аталган жол саат 15:13тө бир тараптуу ачылды.

Учурда тазалоо жумуштары уланууда.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыккан айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экендигин эскертет”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholuna-tash-tshp-kyjmyl-bir-taraptuu-gana-achyldy



Добавить комментарий