Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды
Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтынын маалымат кызматына шилтемеберип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, кармалган шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке пайдасыз келишим түзгөн.
“Бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси “О.С.” деген жаранды кармады.
Бишкек мэриясынын КМККБнын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барып, жалпы суммасы 70 миллион сомго жакын бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүн, 6-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасы колдонулат.
Добавить комментарий ×