Бишкек мэриясы: Түштүк-батыш көрүстөнү 1-январда жабылат

10 декабря 2020 11:35 1756 Barometr
Поделиться в:
ok

Түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январында жабылат. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Жабылышына сөөктү көмүү үчүн берилген жер тилкелеринин жоктугу, "Ала-Арча", "Жер-Ынтымагы" конуштарынын жашоочуларынын көрүстөндү жабуу өтүнүчү жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын корутундулары менен кайрылуулары себеп болду.

Маркумдар көмүү үчүн жер Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Грозд айылында берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-meriyasy-tshtk-batysh-krstn-1-yanvarda-zhabylat



Добавить комментарий