Бишкек коменданты: бүгүнтөн тарта патрулдук күзөтүү күчөтүлөт

30 марта 2020 09:33 1108 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнтөн тарта партулдук күзөтүү күчөтүлүп, санитардык-карантиндык режимди бузгандарга катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

“Бүгүнтөн тарта патрулдук кайгуул күчөтүлөт. Бишкекке 400дөй патруль тартылат. Алар саниртардыккарантиндик режимди бузгандарга чара көрөт. Дагы бир жолу кайталайм, өзүңөрдүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч алып келбегиле”, — деди ал.

Орозалиев кишилерди сыртка өтө зарыл болгон үч учурда гана чыгуу керектигин айтты. Алар: дүкөнгө баруу, дарыканага баруу жана медициналык жардам үчүн кайрылуу.

Бишкек шаарынын коменданты өткөн суткадагы коменданттык саат режимин 122 киши бузганын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-komendanty-bgntn-tarta-patrulduk-kzt-kchtlt



Добавить комментарий