Бишкекте коменданттык режимди 122 киши бузган
Поделиться в:
Өткөн суткада коменданттык саат режимин борбор калаада 122 жаран бузуп кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, кармалгандардын 23ү аял, 97си эркек, анын ичинде 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм бар.
"Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 739 адам кармалган”, - деди Орозалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-komendanttyk-rezhimdi-122-kishi-buzgan
Добавить комментарий ×