Депутат: Бишкек - Кара-Балта жолу тез арада оңдолушу керек
Ушу тапта Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн байланыштырып турган жалгыз каттам – Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу создугуп кетти. Ары-бери каттаган калкыбыз кыйналып кетти. Кыш келгенде – жазды күтөбүз, жаз келгенде – жарытылуу деле иш кылбайбыз. Анан кайрадан кар түшүп, асфальт төшөлбөй калууда. Бул тууралуу депутат Тынчтыкбек Конушбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушун тезинен бүткөрүү керек. Ал үчүн кышкысын жолдун нугун даярдап, жаз келери менен асфальт төшөө зарыл. Биз жазды, жайды, анан күздү күтүп отура берсек, кайрадан кыш келет, жолдун курулушу создуга берет. Жолдун сапаты дагы төмөндөйт. Өкмөт муну эсетен чыгарбай, курулушчуларга талапты катуу коюшу керек», - деп кошумчалады депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-kara-balta-zholu-tez-arada-odolushu-kerek
Добавить комментарий ×