Бири-бирин куткарабыз деп Ак-Буура дайрасына чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды

1 июля 2021 11:38 1974 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында эки өспүрүм сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

ӨКМ берген маалыматка таянсак, 2003-жылы жана 2008-жылы туулган эки бала Ак-Буура-Араван суусуна чөгүп кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов алар бири-бирин куткармак болуп бирок чыга албай калышканын билдирди.

13 жаштагы бала сүзө албагандыктан чөгө баштаган, 18 жаштагы жаш жигит аны куткарам деп кошо чөгүп кеткен. Алардын сөөктөрү 30-июнда табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/biri-birin-kutkarabyz-dep-ak-buura-dajrasyna-chgp-ketken-eki-balanyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий