Бир жуманын ичинде унааны башкарып бара жатып чөнтөк телефон менен алаксыган 3255 айдоочу катталган

10 декабря 2018 09:20 1328 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бир жуманын ичинде унааны башкарып бара жатып чөнтөк телефон менен алаксыган 3255 айдоочу айыпка жыгылган. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу,  жогорку ылдамдыкта айдаган 1366 айдоочу жана унаанын жарык берүүчү тетиктери иштебеген абалда 1236 айдоочу катталган.

Маалыматта айтылгандай, мындай жол эрежесин бузуулар бир жуманын ичинде, башкача айтканда 30-ноябрдан 6-декабрга чейинки аралыктагы убакытта тизмеге киргендердин эсеби болуп саналат.



Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhumanyn-ichinde-unaany-bashkaryp-bara-zhatyp-chntk-telefon-menen-alaksygan-3255-ajdoochu-kattalgan



Добавить комментарий