Бир туугандар жездесин өлтүрүп, сөөгүн дааратканга ыргытышкан

22 октября 2021 11:58 3106 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде дайынсыз жоголгон Т.Жигиталинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, 17-октябрда болжол менен саат 22:30да Жигитали Баткен районунун Бужум айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын эжеси 19-октябрда милицияга кайрылган. Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, издөө иштери башталган.

Жигитали 1988-жылы 25-декабрда туулган.Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бужум айылынын тургундары: 31 жаштагы И.М. жана анын 28 жаштагы иниси Ж.Н.кармалды.

Кылмыш кодекссинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту  (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланып жатат, экспертиза дайындалды.Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга таянсак Жигитали аялы менен уруша кеткен.Айрым маалыматтарга караганда Жигиталини аялынын туугандары өлтүрүп, сөөгүн жиликтеп салышкан.Анын сөөктөрү бир нече жерден анын ичинде дааратканадан дагы табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-tuugandar-zhezdesin-ltrp-sgn-daaratkanga-yrgytyshkan



Добавить комментарий