Бир сутка ичинде 38 жаран кармалды

11 мая 2020 10:22 1366 Barometr
Поделиться в:
ok

11-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 38 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 36, Ат-Башы району – 2. Ош шаары жана Жалал-Абад шаары боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 5027 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4462 эркектер, 565 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардын ичинен 3628 жаран эскертилип, 1399 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 384 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-sutka-ichinde-38-zharan-karmaldy



Добавить комментарий