Бир нече бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан факт боюнча иликтөө иштери башталды

11 апреля 2021 15:43 1135 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир канча бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан факт боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 11-апрель күнү саат 13:00дор чамасында "Клооп" маалымат агенттиги өзүнүн фейсбук баракчасына референдум жана  жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо №8077 шайлоо участкасынан 1 эле шайлоочу бир канча бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан видеону жарыялаган.

"Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул видео Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында тартылгандыгы, электрондук кутуча шайлоо бюллетенин кабыл албай койгондо, экинчи шайлоочу кабыл алынбаган бюллетенди өзүнүн бюллетенине кошуп электрондук кутучага салып жаткандыгы белгилүү болду.

Азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.



Ссылка: https://barometr.kg/bir-neche-byulletenderdi-elektronduk-kutuchasyna-salyp-zhatkan-fakt-boyuncha-ilikt-ishteri-bashtaldy



Добавить комментарий