Аймактарга Медицина академиясынын ординаторлору барат

7 августа 2020 16:35 2721 Barometr
Поделиться в:
ok

Аймактарга Медицина академиясынын ординатурасын бүтүргөн 169 дарыгер жөнөтүлөт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун статистикасы боюнча, учурда  иштеп жаткан медкызматкерлердин саны: дарыгерлер – 7 326 (53%ды түзөт), орто медперсонал – 16 407 (40%), кенже медперсонал – 5 771 (46%). Алардын ичинде тобокелдик тобундагылар 10-14%ды түзөт, 10-12%ы сыркоого байланыштуу, эмгек өргүүдө, бала багууда жана башкалар.

«Мындан сырткары, республиканын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн Медицина академиясынын ординатурасын бүтүргөн 169 дарыгерди бөлүштүрду. 175 адиске  “Депозит врача” программасынын негизинде кварталда бир жолу финансы каражаттары төлөнүп берилет. Бишкек медициналык колледжин бүтүргөн 70 адис Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлдү”, - деп билдирди ССМ адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова.


Ссылка: https://barometr.kg/bir-kvartalda-175-adis-depozit-vracha-programmasynan-karazhat-alat



Добавить комментарий