Садыр Жапаровду кайсы өлкөнүн президенттери куттукташты?

29 января 2021 13:24 1762 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир катар мамлекеттердин лидерлери Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктап жатышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Словакия Республикасынын президенти Зузана Чапутова Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Словакия Республикасынын жарандарынын жана өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Жооптуу жана маанилүү миссияңызды аткарууда Сизге чыгармачылык күч-кубат жана ийгиликтерди каалаймын.

Учурдан пайдаланып, салттуу словак-кыргыз мамилелерине мен жогору баа бергим келет.  Мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү кызматташтык өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенемин.

Сиздин жооптуу ишиңизге, айрыкча глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик, бакыт жана чың ден-соолук каалаймын. Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Сиз президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар дээрлик 30 жылдан бери келатат. Германия Кыргызстандын көп жылдан берки өнөктөшү катары биздин тыгыз жана ишенимге негизделген өнөктөштүгүбүз мындан ары да уланат деп бекем ишенет. Биз мындан ары да Сиздин өлкөңүздү демокаратияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз.

Сизге албан-албан ийгиликтерди жана президенттик кызматыңыздагы маанилүү милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу, түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен Сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын.

 Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-katar-lklrdn-liderleri-zhaparovdu-kyrgyzstandyn-prezidenti-kyzmatyna-rasmij-kirishs-menen-kuttuktashty



Добавить комментарий