“Бир Бол” фракциясы бир күндүк айлыгын саламаттык сактоо министрлигине которду

18 марта 2020 17:48 706 Barometr
Поделиться в:
ok

“Бир Бол” фракциясынын депутаттары коронавирус менен күрөшүүдө алгачкы жардам катары бир айлык маянасын Саламаттыкты сактоо министрлигине которду. Бул тууралуу фракциядан кабарлашты.

Аталган фракция мындан ары дагы жардам бере турганын айтышты.

“Учурда Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Бардыгыбыз тазалык эрежелерин сактап, эл көп топтошкон жерлерден алыс болуп, улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 18-мартта, Сузак районунда Сауд Аравиясына умрага барып келген үч жарандан коронавирус табылган. Андан кийин райондун акими аймакка карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-bol-frakciyasy-bir-kndk-ajlygyn-salamattyk-saktoo-ministrligine-kotordu



Добавить комментарий