Билл Гейтс жаңы пандемия болорун айтты

15 сентября 2021 18:45 2671 Barometr
Поделиться в:
ok

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү, мультимиллиардер жана филантроп Билл Гейтс “адамзат 100 күндун аралыгында жаңы вакцина таба алса, ал болочокто боло турган пандемияга даяр болуп калат”,- деп айтты. Бул тууралуу Wall Street Journal булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Мен пандемияга каршы аракеттенүүгө даярдык көрүү өтө эле аз болуп жатат деген ойдомун”,-деп айтты ал газетага берген маегинде.

Филантроп буга чейин да “адамзатты COVID-19 пандемиясынан он эсе жаман кезектеги пандемия күтүп жатат”,- деп январь айында эле билдирген. Анын пикиринде коронавирус  жер титирөө, торнадо, климаттын өзгөрүшү сыяктуу эле адамзат бет келише турган коркунучтардын бир бөлүгү болуп калды, ошондуктан өкмөттөр болочокто боло турган пандемияга даяр болуш үчүн болгон күчүн жумшашы керек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bill-gejts-zhay-pandemiya-bolorun-ajtty



Добавить комментарий