Билл Гейтс дүйнө мурдагы калыбына кайтуусу үчүн эки жыл кетерин божомолдоду

29 апреля 2020 12:42 1814 Barometr
Поделиться в:
ok

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс франциянын Figaro басылмасына берген маегинде дүйнө эли мурдагы жашоо калыбына келүүсү үчүн эки жыл кетерин божомолдоп айтты.

“Биз мурдагыдай жай турмушка бери болгонд 1-2 жылдан кийин гана жетебиз. Дүйнө мурдагыдай болбойт. Бул бул абалдан эпидемияны толук баса турган системаны ойлоп тапканда гана жетебиз”, — деди ал.

Билл Гейтс андан сырткары ооругандардын кыймылын көзөмөлгө алып, ооруну туруктуу кармап турууга аракет кылган менен кишилердин жашоо образы толугу менен өзгөрөрүнө ишене турганын билдирди. Андыктан коронавирусту дарылоо методун жолго салып, ооруга каршы вакцинаны ойлоп табуу керектигин сунуштады.

“Дүйнө мурдагы жй турмушуна кайтуу үчүн коронавирусту дарылоо жолун жакшыртып, же вакцина ойлоп табуу керек. Вакцина бул өтө маанилүү. Аны табуу менен гана биз жай турмушка кайта алабыз”, — деди Гейтс.

Эске салсак, акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 3 миллиондон ашык кишиге жукту. Анын бир миллиону АКШда. Андан сырткары оору 200 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.

Ссылка: https://barometr.kg/bill-gejts-djn-murdagy-kalybyna-kajtuusu-chn-eki-zhyl-keterin-bozhomoldodu



Добавить комментарий