Билл Гейтс: Адамзаатты жыйырма жылдан кийин да ушундай пандемия каптайт

24 ноября 2020 15:26 1709 Barometr
Поделиться в:
ok

Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс адамзаат жыйырма жылдан кийин мындан да күчтүү пандемияны башынан өткөрөөрүн айтты. Бул тууралуу анын твиттер баракчасында жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Миллиардер подкаст жазып, анда актриса Рашида Джонс жана АКШнын башкы инфекциялык адиси Энтони Фаучи менен болгон маегинде COVID-19 пандемиясы адамзаатка кандай өзгөрүүлөрдү алып келгенин талкуулады.

Сүйлөшүү учурунда Джонс Гейтстен жаңы “пандемия адамзатты сөзсүз каптайбы” деп сурады.

"Ооба. Дагы жыйырма жылдан кийин да  ушундай пандемия капташы мүмкүн", - деди Гейтс.

Майкрософттун негиздөөчүсү баса белгилегендей, кийинки жолу адамзат пандемияга көбүрөөк "даяр" болот. Анын айтымында, пандемиянын кийинки мезгилине чейин өнүккөн алгоритмдер пайда болот, ага ылайык карантин киргизилет жана жугуштуу, потенциалдуу алып жүрүүчүлөрдү текшерүү тутумдары өркүндөтүлөт.

"Экинчи жолу биз мындан акылдуурак болуп калабыз", - деп жыйынтыктады ал.

Буга чейин, The Daily Show гезитинде Гейтс коронавируска байланыштуу кырдаал кыш мезгилинде татаалдашып кетиши мүмкүн деп эскерткен. Анын оюу боюнча, суук мезгилде адамдар үйдө көбүрөөк убакыт өткөрүшөт, сактык чараларын көрүүдөн тажап, вирус активдүү көбөйүшү мүмкүн. Миллиардер инфекциянын алсырап калышын вакциналардын өндүрүшүнүн көбөйүшү менен байланыштырат жана андан кийин Гейтс белгилегендей, адамзат «туннелдин аягындагы жарыкты» көрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bill-gejts-adamzaatty-zhyjyrma-zhyldan-kijin-da-ushundaj-pandemiya-kaptajt



Добавить комментарий