Дүйнө: Мексикада бир суткада 470 адам көз жумду

3 июня 2020 11:23 798 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күнгө карата СОVID-19 илдети боюнча дүйнөгө көз чаптырсак :

Коронавирус илдетинин жайылышынын кесепетинен Японияда 16,7 миң адам жумушсуз калган. Алардын басымдуу бөлүгү туризм тармагында эмгектенишкен. Ал эми сонку жумада гана 8000, жалпысынан эмгек биржасына арыз менен кайрылгандардын саны 30 минден ашты.

Кытайда  бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча 1 учур катталган. Баардыгы болуп 83 022 түздү.

Мексикада абал өтө оорлошуп бара жатат. 3-июнга карата 470 адамдын өмүрүн коронавирус илдети алды. Жалпысынан 10 637 адам көз жумду.

Коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккандарын саны Германияда бир күндө 342ге жетти. Жалпысынан 182 370 адамга вирус жуккан, алардын басымдуу бөлүгү Баварияда - 47 138, Түндүк Рейн-Вестфалда - 38 185 жана Баден-Вюртембергте -  34 81. Ал эми Берлинде 6874 учур катталды.

Апрель айында Туштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны басаңдаганы менен, учурда кайрадан көрсөткүч өсүүдө. Бир суткада жаңы 46 учур катталда. Баардыгы болуп 11 590, ал эми айыккандар 10 467,  273 каза болду.

АКШда коркунучтуу илдетке 1 831 821 адам чалдыкса, 106 180 адам көз жумду, айыккандардын саны 463 868.

Ссылка: https://barometr.kg/bgnk-kng-karata-sovid-19-ildeti-boyuncha-djng-kz-chaptyrsak



Добавить комментарий